«Балдар менден эмес». Аялына бычак сайган кишиге өкүм чыкты

«Балдар менден эмес». Аялына бычак сайган кишиге өкүм чыкты

Аялына бычак сайган жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Соттун токтомунда айтылгандай, былтыр 7-сентябрга караган түнү М.К. аттуу жаран өз үйүндө мас абалында, аялы Р.Т.ны ур-тепкиге алып, «экөөбүздүн ортобуздагы балдар менден эмес, чындыгын айт, болбосо өлтүрөм» деп ашканадагы бычакты алып, келинчегин бир жолу ичке сайган. Натыйжада ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган.

Соттук отурумда айыпталуучу М.К. күнөөсүн мойнуна алып, аялына бычак сайгысы келбегенин, ур-тепкиге алганы эсинде экенин, бирок жини менен бычакты кантип сайып алганын билбей калганын айткан. Ошондой эле, ал жубайы менен жарашканын, ал кечиргенин айтып, жеңил жаза берүүнү суранган.

Жабырлануучу соттогу көрсөтмөсүндө билдиргендей, жолдошу үйүнө мас болуп келген. Ортодо кызганычтан улам уруш чыгып, күйөөсү аны ур-тепкиге алган. Ошол маалда, ашканада тамак жасап жаткандыктан, колунда бычак болгон. Жолдошу аны ур-тепкиге алганда, бычак байкалбай сайылып калган деп ойлойт. Күйөөсүн кечиргендиктен, аны бошотуп берүүнү өтүнгөн.

Сотто күбө катары суралган Д.У.нун айтымында, 7-сентябрда жабырлануучу Р.Т. ал отурган дүкөнгө келип, күйөөсү бычак сайганын, «өлтүрөм» деп коркутканын айтып берген. Андан кийин ичин ачып көрсөткөндө, ичине оролгон шейшеп кан болуп калган. Ошол жерден бейтааныш адам Р.Т.ны ооруканага жеткирген. Окуяны өз көзү менен көргөн эмес.

Ошондой эле, соттук отурумда сурак берген А.Н. аттуу медицина кызматкери билдиргендей, 7-сентябрда саат 08:30да ооруканага жабырлануучу алынып келген. Ал күйөөсү бычак сайганын айткан. Бул окуя боюнча милицияга кабар берилген. Андан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кечки маал абалы оорлошо баштагандыктан, операция жасалган.

Сот тараптарды угуп, айыпталуучу менен жабырлануучу жарашканын, пробация органынын айыпталуучуга карата «коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза колдонуу мүмкүн» деген корутундусун эске алып, төмөндөгүдөй чечим чыгарган: айыпталуучу кылмыш жасоого күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда, ал эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, үч жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>