Таластын мурдагы башчысы Нарбеков жаңы кызматка дайындалат

Таластын мурдагы башчысы Нарбеков жаңы кызматка дайындалат

Талас облусунун  мурдагы башчысы Бакытбек Нарбеков президенттин администрациясындагы жооптуу кызматка дайындалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов билдиргенин президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн, 4-мартта Байсалов облус башчы болуп жаңы дайындалган Нурлан Дардановду эмгек жамаатка тааныштырган.

Ошондой эле, ал Бакытбек Нарбековдун ыйгарым укуктуу өкүл катары жүргүзгөн ишине жогорку баа берип, президенттин администрациясындагы жооптуу кызматка дайындалып жатканын айткан.

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Таластын башчысы болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>