«Балдарда кариес, чоңдордун оозунан жагымсыз жыт чыгат» — Бекешев

Кыргызстандагы балдардын 95 пайызы кариес оорусунан жабыркайт. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып айтып, мектептер менен бала бакчалардагы тамактануу менюсун кайра карап чыгууга чакырды.
Анын айтымында, тиш ооруларынын кеңири жайылышынын негизги себептеринин бири — туура эмес тамактануу адаттарынын бала кезден калыптанышы.
«Кыргызстандагы балдардын 95 пайызы кариес менен жабыркайт. Ушул көрсөткүчтү элестетип көрүңүздөрчү. Бул өтө чоң жана өкүнүчтүү сан. Мындай маалыматты бизге Саламаттык сактоо министрлиги берип жатат», — деди депутат.
Бекешев бала бакчаларда кант дээрлик бардык тамак-аштарга жана суусундуктарга кошуларын белгиледи.
«Кичинекей балдарыбыз бала бакчада кантты көп колдонушат. Кант компотко, кефирге, боткого, токочторго кошулат. Кээде шорпого дагы кант кошулат. Бардык жерде кант бар», — деди ал.
Мындан тышкары, парламентарий балдарга чай берүү практикасын дагы сынга алды. Анын айтымында, өлкөдө темир жетишсиздиги кеңири таралган шартта чай балдардын рационунда болбошу керек.
«Чайды мектептердин дагы, бала бакчалардын дагы менюсунан алып салуу керек. Эгер суу, кант кошулбаган кефир же башка пайдалуу суусундуктар бар болсо, анда эмне үчүн сөзсүз чай берүү керек?» — деп белгиледи Бекешев.
Депутат тиш оорулары жалпы ден соолукка дагы таасир этерин айтты.
«Бизде кариес гана эмес. Чоңдордун дагы ооздору сасыйт. Мунун себептеринин бири — туура эмес тамактануу. Мындай адаттар мектепте жана бала бакчада калыптанат», — деди ал.
Бекешев бул боюнча сунуштарын Саламаттык сактоо министрине жөнөткөнүн айтып, бийлик өкүлдөрүн балдардын тамактануу маселесине олуттуу көңүл бурууга чакырды.
«95 пайыз деген көрсөткүч жөнүндө ойлонуп көрүңүздөр. Дээрлик ар бир кичинекей кыргызстандык тиш көйгөйүнө дуушар болуп жатат. Ал эми тиш оорулары кийин адамдын жалпы ден соолугуна дагы терс таасирин тийгизет», — деп кошумчалады депутат.