Кыргызстан менен Өзбекстандын милициясы баңгизат ташып, саткан топту аныктады

Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер органдары эл аралык баңгизат ташуу жана сатуу каналын аныкташып, ага бөгөт коюшту. Бул кылмышка шектелген адамдар эки өлкөдө тең кармалды. Бул тууралуу КРдин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө «Э» аттуу жаран Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат алып келип, андан ары сатууну көздөп жатканы тууралуу маалымат алынган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Баткен облусунан 33 жаштагы Э.Э.Й. аттуу жаран баңгизат сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.
Тинтүү учурунда анын жанынан жана автоунаасынан 3 килограмм «гашиш» алынган. Андан соң жашаган жерин текшерүүдө дагы 31 килограмм 398 грамм баңгизат табылган.
Мындан тышкары, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга тиешеси бар экенин аныктоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан аталган өлкөдө 31 жаштагы Х.Т.Т. аттуу шектүү кармалып, 14 килограмм «гашиш» жана 1 килограмм «апийим» алынган.
Учурда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатканы айтылды.