Балдарды унаада калтырбаңыз — Бишкектин медиктеринин эскертүүсү

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору ата-энелерге эскертет: күн ысыкта токтотулган унаанын ичинде баланын бир нече мүнөткө болсо да калышы өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.
Адистер белгилегендей, унаанын ичи өтө кыска убакыттын ичинде эле өтө кооптуу температурага чейин ысып кетет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) чоңдордун канча убакытка кетерине карабастан, баланы токтотулган унаада эч качан калтырбоону сунуштайт.
Борбордун маалыматына караганда, баланын организми жогорку температуранын таасирине өзгөчө сезимтал келет. Ашыкча ысып кетүү дененин алсырашына жана ысык урууга (тепловой удар) алып келиши мүмкүн — бул тез арада медициналык жардамды талап кылган кооптуу абал.
Медиктер баса белгилегендей, терезелери ачык болсо дагы, баланы унаада бир нече мүнөткө болсо да жалгыз калтырууга болбойт. Мындан тышкары, ысык күндөрү ата-энелерге төмөнкүлөр сунушталат:
- балдарды күндүн түз тийген нурлары астында көпкө калтырбоо;
- мүмкүн болушунча көлөкөдө же салкын имараттын ичинде болуу;
- бала үчүн жеңил жана кенен кийимдерди тандап берүү;
- баланын жетиштүү өлчөмдө суюктук ичип жатканына көз салуу.
Борбор чоңдор үчүн анча маанилүү эмес көрүнгөн бир нече мүнөт ысып кеткен унаанын ичинде баланын ден соолугу жана өмүрү үчүн олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экенин дагы бир ирет эскертти.