Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери өзгөртүлдү

28.07.2026 | 13:05
Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун эрежелери өзгөртүлдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «КРнын Жарандык кодексине, «Турак жай жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Белгиленгендей, өзгөртүүлөр турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, камсыздандыруу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын финансылык корголушун күчөтүүгө багытталган.

Жарандык кодекске киргизилген толуктоолор менен милдеттүү камсыздандыруу камсыздануучунун эсебинен ишке ашырыла тургандыгы бекитилди. Ошол эле учурда мыйзамдарда милдеттүү камсыздандырууга кеткен чыгымдарды үчүнчү жактар көтөргөн учурлар каралышы мүмкүн.

Мындан тышкары, ири жана өзгөчө ири тобокелдиктерди биргелешип камсыздандыруу үчүн камсыздандыруучулар, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде камсыздандыруу пулдарын түзө алышат.

«Турак жай жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен турак жайды исламдык камсыздандыруу принциптери (такафул) боюнча милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу механизми киргизилүүдө.

Ошондой эле «турак жай жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу» жана «камсыздандыруу франшизасы» деген түшүнүктөрдүн аныктамалары жаңы редакцияда берилди, камсыздандыруу учурларынын тизмеси такталды, ошондой эле камсыздандыруу пулун түзүү тартиби жаңыртылды.

Scroll to Top