Балдарга зордук-зомбулук! Балбак Түлөбаев өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо

Балдарга зордук-зомбулук! Балбак Түлөбаев өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо

Депутат Балбак Түлөбаев өлүм жазасын кайтарууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта  Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын жыйынында билдирди.

Эл өкүлү аймактарда балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча тергөө иштери көбүнчө тараптар жарашкандан кийин аяктааарын белгиледи.

«Милицияга, сотко жетпей калган учурлар көп. Жада калса участкалык милиционер өзү да кийлигишип, тараптарды ынтымакка чакырган учурлар болот. Катуу көзөмөл керек. Тараптарды жараштырууга аракет кылган ички иштер органдарынын кызматкеринин жоопкерчилиги тууралуу беренени киргизүү зарыл. Балдарга карата кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайра алып келиш керек. Биз аларга каршы зордук-зомбулукту ушундай жол менен гана токтото алабыз», — деди ал.

Ал гана эмес өз кызын зордуктаган фактылар чыгып жатат. Буга чейин бачабаздарга бычуу жазасын киргизүү демилгеленип Жогорку Кеңештен колдоо таппай калган болчу.

Бишкек: 37 жаштагы ата 12 жаштагы өз кызын зордуктады

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>