Чуу жараткан Даниел Ажиев сот чечиминен соң Дубайда эс алып жүрөт  (ВИДЕО)

Чуу жараткан Даниел Ажиев сот чечиминен соң Дубайда эс алып жүрөт  (ВИДЕО)

Биринчи Май райондук соту 1-февралда Даниел Ажиевдин иши боюнча жаңы чечим чыгарды. Бул тууралуу токтомдо айтылат.

Ажиев 6 айга жашаган жери боюнча амбулатордук медициналык кароодон өтүүгө чыгарылган.

Ал 2020-жылдын 21-октябрында Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага (РПО) мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн.

Аталган оорукананын башкы дарыгери мажбурлап дарылоону психиатриялык стационардагы күчөтүлгөн режимден жашаган жери боюнча амбулатордук медициналык текшерүүгө өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Башкы дарыгер соттук-психиатриялык экспертизанын 2022-жылдын 5-январындагы корутундусуна шилтеме жасап, бейтапта «истерикалык инсандык бузулуу» белгилерин аныктаган.

Башкы дарыгер “Ажиевге сергек жашоого, коомдо жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын сактоого, мыйзамсыз аракеттерден качууга жана алар үчүн жазанын сөзсүз болушуна «бекем багыт» берилгенин айтууда. Белгиленгендей, бейтаптын омуртка оорусу бар. Ал жери  тынымсыз ооругандыктан  адистештирилген клиникада дарыланууга муктаж. Бирок психиатриялык ооруканада мындай шарттар жок”— экенидигин билдирген.

«Ажиевдин психикалык абалы туруктуу, агрессивдүү-суициддик тенденциялар жок, ал коом үчүн коркунучтуу эмес, өзүн адекваттуу жана токтоо алып жүрөт. Ошондой эле жашы жете элек балдардын атасы, алардын бири майып. Мындан тышкары, карыган жана оорулуу эне анын колунда. Ажиев психиатриялык ооруканада дарыланууга муктаж эмес жана «үй-бүлөсүнө кам көрүү үчүн келечекке реалдуу пландарды коё алат», — деп белгиледи дарыгер.

Дарыгерлердин мындай кортундусунан соң психиатриялык эксперттик комиссия мажбурлап дарылоону өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Соңунда судья өтүнүчтү канааттандырды.

Ажиев 2020-жылдын 6-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалган. Буга чейин Бишкек шаарында веб-камера моделдерди, сойкукананы кармаган деген айып тагылган. .

Даниел Ажиевдин Instagram баракчасына  McLaren жана Lamborghini унааларын минип жүргөн видеосун жүктөгөн.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>