Балдарын сабаган эне: Кайненем кыздарымдын денесине ийне сайып, урчу

Балдарын сабаган эне: Кайненем кыздарымдын денесине ийне сайып, урчу

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Оштун Араван районунда энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы институтунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Араванда сабалган кыздардын ишин тескөөгө алды. Алар учурда эгиздер дарыланып жаткан ооруканага барып, бирок аларды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө алып кеткендиктен, жолуга алган эмес.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери райондук соттук-медициналык эксперттерден эгиздердин абалы тууралуу маалымат алышкан.

Экспертизанын бүтүмүндө, кыздардын денесинде көптөгөн көк-ала тактар, шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталганы айтылат.

Дарыгерлер эгиздердин абалы орто оор, бирок туруктуу экенин белгилешкен.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган кыздардын апасы С.Д. менен дагы жолуккан.

Акыйкатчынын маалыматында, 21 жаштагы С.Д. ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес. 18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болуп, көп өтпөй ажырашат.  Атасынын 5 балалуу эжеси атасынын үйүнө жашап алып, аны кайра киргизбей койгон.

Андан кийин ал (С.Д.) С. Х. аттуу жаранга турмушка чыгат. Бирок жарандык никедеги экинчи күйөөсүнүн туугандары анын кыздарын кабыл алышкан эмес.

«Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген», — дейт С.Д.

Укук-коргоо органдары берген маалыматтарга таянсак, кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды. Акыйкатчы укук коргоо жана прокуратура органдарын кыздардын укуктарын коргоого чакырат.

Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматында, кыздардын ар бирине 2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин 1200 сомдон жөлөк пул төлөнүп келген. Андан кийин тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери токтотулган.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга аял киши 2 кичинекей баласын сабап жатканы тартылган видео тараган. Кийин бул окуя боюнча 21 жаштагы С.Д. аттуу келин  кармалып, ал эгиз кыздарын сабаганы аныкталган. 21 жаштагы келинге карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынган.

Кийин эгиз кыздар өз атасына өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Араванда апасы сабаган эгиз кыздар атасына өткөрүлүп берилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>