Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Журналист Гүлжан Каримованы УКМК алып кеткени кабарланды
16.11.2023 | 13:49
“Назарньюс” сайтынын редактору Гүлжан Каримованы бүгүн УКМК сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу маалыматты анын иниси Майрамбек Каримов ырастады.
Анын айтымында, Гүлжан Каримова саат 12.00 чамасында кеңседен чыгып, УКМК кызматкерлери менен жолугушууга кеткен. Андан бери байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Журналист өзүнүн Facebook баракчасына аны коопсуздук комитетинин өкүлдөрү алып кеткенин жазды.
УКМК азырынча журналистке байланыштуу эч кандай маалымат бере элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом