Балыкчы—Кочкор темир жолунун тилкесинен байыркы коргондор табылды — сүрөт

Балыкчы—Кочкор темир жолунун тилкесинен байыркы коргондор табылды — сүрөт

Балыкчы—Кочкор темир жолунун курулуп жаткан участогунда, тактап айтканда  Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылды.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдагандай, бул табылган коргондор Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министрлиги тарабынан археологиянын эстеликтер жана тарыхый-маданий мурас объекттери катары аныкталган.

“Аталган объектилерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өзүнө алып, андан ары археологдор менен дөбөлөрдүн абалын аныктоону талкуулап, аларды казуу жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү адистер менен келишим түзүлүп, алар  курулуп жаткан темир жолдун эки тарабындагы  скифтердин болжолдуу байыркы коргондорун казуу иштерин башташты.

Казуу иштери  Боз-Бармак тоо массивинде ПК 37+60 жана ПК43+00 тилкесинде узундугу 540 метр болгон участокто жүрүп жатат. Ал эки айга созулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: КОРГОН

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>