Балыкчы шаарында милициянын жаңы имараты ишке берилди

Балыкчы шаарында милициянын жаңы имараты ишке берилди

15-июль күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, курулуштун демилгеси Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан көтөрүлүп, демилге мэриянын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты. Бул имаратты курууга 400 миң сом акча каражаты каражат каралса, анын 70 миң сомун Балыкчы шаарынын мэриясы бөлүп берген. Автобекетке жакын жайгашкан комплекстүү имаратта милициянын аймактык таяныч пункту жана КААБ жайгашкан.

Ачылыш аземине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев, Балыкчы шаарынын вице-мэри Азиз Асаналиев, шаардык милициянын жетекчилиги жана өздүк курамы жана башка чакырылган коноктор катышты.

Бул борбордо тыгыз иштөөгө жана калкты тейлөө сапатын жакшыртууга бардык шарттар түзүлгөн. Милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, аксакалдар сотунун, жаштар жана аялдар кеңештеринин төрагалары, төрайымдары, жумуш орундары, керектүү эмеректер жана кеңсе жабдуулар менен камсыздалган.

КААБды ачуунун негизги максаты — калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин арттырууга багытталган. Борбордун иши бекитилген график боюнча ишке ашырылат. Тактап айтканда, жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын кабыл алуу, каттоо, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү, укук бузуулардын алдын алууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын уюштуру болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>