Балыкчыда бир саатта 19 унаа айып аянтчасына киргизилди

Балыкчыда бир саатта 19 унаа айып аянтчасына киргизилди

Балыкчы шаарында бир сааттын ичинде 19 унаа айып аянтчасына киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарынын аймагында  жол кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө бир сааттын ичинде 19 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен;

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 2 айдоочу;

— уруксатсыз  кошумча жабдыктап алган 3 айдоочу;

— “Автоураган” аппараттык комплекси аркылуу өз убагында төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар, издөөдө жүргөн, каттоодон чыгарылган  7 авто унаа аныкталган.

«ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>