Эртең Бишкекте бош жумуш орундар жарманкеси өтөт

Эртең Бишкекте бош жумуш орундар жарманкеси өтөт

Эртең, 28-апрелде Бишкекте бош иш орундар жана кесиптер боюнча жарманке өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарманкеде 6 миңден ашуун орун сунушталат. Иш-чара саат 10:00дөн 14:00гө чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.

Мындан тышкары, белгилүү ишкерлер изденүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт.

“Жарманкеде маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б. тармагында жумуштар сунушталат. Анда 10 университет, 20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлор адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет”, — деп айтылат маалыматта.

Жарманке иш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү мекемелеринин жолугушуусу үчүн аянтча болот. Жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>