Ленин району боюнча ЖКга шайлоо: Талапкерлердин саны 45ке жетти

Ленин району боюнча ЖКга шайлоо: Талапкерлердин саны 45ке жетти

Бүгүн, 27-апрелге карата Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну калаган 45 талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн депутаттыкка талапкер болууну каалагандардан арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү. Арызды саат 00:00 чейин калтырууга болот.

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардын катарында жумушсуздар, пенсионерлер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, Кемпир-Абад иши боюнча фигуранттар жана башкалар бар. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 27-апрелде аяктайт.

БШКга арыз берген талапкерлер:

  1. Булекбаев Эркин Касымович, «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы
  2. Кунакунов Максат Касымжанович, «Либерал-прогрессивдик партиясынын» төрагасы
  3. Нурланбеков Актилек Нурланбекович, «Ызат плюс» ЖЧКсы
  4. Камбаров Мирлан Адилбекович, убактылуу иштебейт
  5. Абдылдаев Азат Шералиевич, убактылуу иштебейт
  6. Калыков Улугбек Абдисатарович, прокуратура органдарынын пенсионери
  7. Исмаилова Карачач Жумаевна, мектеп мугалими
  8. Сакиев Нурлан Казыбекович, жеке нотариус (убактылуу токтотулган)
  9. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  10. Искаков Эртай Дүйшөбекович, «ЗаЯпошки» коомдук бирикмесинин төрагасы
  11. Касмалиев Ажыбек Кадыркулович, «Инженер землеустроителей и геодезистов Кыргызской Республики» коомдук бирикмесинин төрагасы
  12. Мокейчук Роман Александрович, жеке ишкер
  13. Маликов Аким Маликович, ИИМдин пенсионери, адвокат
  14. Суваналиев Өмүрбек Исакович, убактылуу иштебейт, Нарын жана Баткен облустарынын мурдагы башчысы, ИИМ министринин милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары
  15. Бакир уулу Турсунбай, И. Арабаев университетинин профессору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  16. Субанов Айбек Манасбекович, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жергиликтүү кызматкери
  17. Сагидаева Салтанат Ариповна, Ж. Баласагын атындагы  КУУнун филология окутуучусу
  18. Усубалиева Гульмира Тургунбековна IFESтин Кыргызстандагы  программасынын координатору
  19. Скорняков Андрей Владимирович «Кумтөр Голд Компанинин» коопсуздук боюнча инженердик системанын адиси
  20. Ниязалиева Дамира Абаскановна Биринчи элдик курултайдын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
  21. Мадылбеков Эльдар Туратбекович, убактылуу иштебейт
  22. Токталиев Акин Усубалиевич, «ЗЧ жана ДНК боюнча  комитет» коомдук бирикмесинин төрагасы, адвокат
  23. Аттокур уулу Илимбек, убактылуу иштебейт
  24. Айткулов Муктарбек Мукулович, убактылуу иштебейт
  25. Ормуков Темирлан Иниятовичтен, убактылуу иштебейт (1-топтогу майып)
  26. Аджиматова Бубайим Кочкоровна, пенсионер
  27. Кадралиев Асылбек Мэлсович, «КФС» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруу комитетинин мүчөсү
  28. Макешов Кубанычбек Бектемирович, «Альфа жана Омега» ЖЧКсынын башкы директору
  29. Жээнбеков Равшан Бабырбекович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат)
  30. Мураталиев Бакытбек Баймбетович, убактылуу иштебейт
  31. Осмонов Алманбек Эрмаматович, «Кадастр» ММнин Москва филиалынын директору
  32. Сарылдык уулу Илгиз (Илгиз Шаменов), убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат)
  33. Айтбаев Акыл Казакович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат)
  34. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич, убактылуу иштебейт
  35. Капаров Чыңгыз Капарович, убактылуу иштебейт (Кемпир-Абад иши боюнча үй камагына чыгарылган)
  36. Медеров Азамат Медерович, жеке ишкер
  37. Сариев Улан Алмасбекович, Бишкек шаардык кенешинин депутаты
  38. Айдаралиева Таалайкул Муратовна, «Амина» коомдук фондунун директору
  39. Керимбеков Бакыт Макенович, КР  Пауэрлифтинг федерациясы
  40. Тазабекова Гулшат Алпамышовна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу
  41. Ремнёв Роман Павлович, коомдук-саясий кызматкер
  42. Артыкова Дамира Куштарбековна, пенсионер
  43. Бекназаров Руслан Азимбекович, убактылуу иштебейт
  44. Эмилов Темир Аттокурович, Бишкек ш.МАБ №3 башкы адис
  45. Якубов Ильязбек Абдувалиевич, Укук коргоочу, адвокаттын жардамчысы

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>