Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Балыкчыда эл аралык логистикалык борбор ачылды
28.05.2026 | 14:12

Бүгүн, 28-майда, Балыкчы шаарында «Кыргызалтын» ишканасынын «Алтын Логистик» эл аралык логистикалык борбору ачылды. Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Логистикалык борбор 5,5 гектар аянтка жайгашкан. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет. Долбоордун алкагында 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Адылбек Касымалиев аземде сүйлөгөн сөзүндө аталган борбор Кытай, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган логистикалык хаб катары иш алып барарын билдирген. Анын айтымында, борбордун жайгашкан орду соода байланыштарын кеңейтүүгө жана транзиттик жүк агымын көбөйтүүгө шарт түзөт.
Теги: Балыкчы, логистикалык борбор