Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» күчөтүлгөн көзөмөл алдында өтөт

КР ИИМ жана Билим берүү министрлиги бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин «Акыркы коңгуроого» арналган иш-чараларды өткөрүү учурунда коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
Иш-чара Кыргызстанда 2026-жылдын 29-майында өтөт жана Билим берүү министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга жол берилбестигин эскерткен.
Министрликтер бүтүрүү иш-чараларына байланыштуу мектептен тышкары кошумча кечелерди уюштурууга, фейерверктерди жана башка коркунучтуу техникалык каражаттарды колдонууга, ошондой эле жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбей турганын эскертишти.
Белгиленгендей, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Эс алуу аймактары, кафе-ресторандар, суу жээктериндеги аймактар жана унаа жолдору укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот.
ИИМ жана Билим берүү министрлиги ата-энелерди, мектеп жетекчилигин жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.