Чүйдөгү абакта тополоң чыгаруу аракети токтотулду. ЖАК эмне дейт?

Чүйдөгү абакта тополоң чыгаруу аракети токтотулду. ЖАК эмне дейт?

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 абакта соттолгондор мекеменин кызматкерлерине баш ийбестик көрсөтүп, тополоң чыгарууга аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу абактын кызматкерлерине баш ийбестик көрсөткөн. Бирок абактын кызматкерлери абалды жөндөп, соттолгондордун иш-аракетине бөгөт койгон. Ошондой эле баш ийбестик көрсөтүүнүн башкы уюштуруучулары аныкталып, башка соттолгондордон обочолонгон.

Андан тышкары абактын кызматкерлери камераларда тинтүү иштерин жүргүзүп 120 бычак, кайчы, шибеге сыяктуу заттар, 11 грамм баңгизат, 22 телефон, курамында спирт бар 1 литр суюктук зат, 146 ар кандай буюмдар табылып алынган.

Жазаларды аткаруу кызматы учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери башталганын, №1 абакта абал туруктуу экенин жана мекеме штаттык тартипте иштеп жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>