“Теңирберди” тасмасы 1-февралдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт

“Теңирберди” тасмасы 1-февралдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт

Режиссер Асель Жураеванын “Теңирберди” тасмасы 1-февралдан тарта Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

“Теңирберди” тасмасынын сценарийин режиссерлор Темир Бирназаров менен Асель Жураева жазган. Тасманын оператору – Караш Жанышов.

Башкы ролдордо: Гүлайым Каниметова менен Токтосун Арзыгулов, Жеңиш Сманов, Күлчоро Сыдыков, Калипа Таштанова. Наристенин ролунда — Кутмидин Эркебеков. Баланын чоң курактагы ролун Султан Сыртбаев аткарган.

Тасма тууралуу: Чакан айылда жашаган жашы 70теги, ден соолугу начар абышка менен кемпирдин үйүнүн алдына белгисиз адамдар 6 айлык баланы таштап кетишет. Алгач алар баланы бийлик органдарына өткөрүп берүүнү ойлонуштурат. Бирок балдардын органдары сатылып жатканы тууралуу окуяны угуп, наристени өздөрүнө алып калышат. Баланы камкордугуна алган абышка менен кемпирдин жашоосу түп-тамырынан өзгөрөт. Алардын жашоого болгон кызыгуусу артат.

“Теңирберди” тасмасы Бангладештеги кинофестивалда көрсөтүлөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>