Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Балыкчыда муз тээп жатып, сууга түшүп кеткен эки бала куткарылды
08.01.2024 | 21:02
Балыкчы шаарында муз тээп жатып, сууга түшүп кеткен эки бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-январда саат 15:29да Балыкчы шаардык №19 ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө Озерная кѳчѳсүндөгү 8-кѳлмѳсүндѳ 2 бала муз тээп жатып, сууга түшүп кеткендигин милиция кызматкери билдирген.
Жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен тартылган. Куткаруучулар чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, өз жандары үчүн күрөшүп жаткан балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман алып чыгышкан.
Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар