Таштанды челектен ымыркай тапкан чет элдик студенттер сыйланды 

Таштанды челектен ымыркай тапкан чет элдик студенттер сыйланды 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы таштанды челектен ымыркайды тапкан чет элдик студенттерди сыйлады.

Мэриядан билдиришкендей, ымыркайдын ыйын биринчилерден болуп жакын жерде жашаган студенттер угушкан. Кечинде алар таштанды ыргытканы чыгышса, таштанды челектен баланын ыйлаганын угушкан. Андан кийин окуучулардын бири баланы өзү алып чыгууну чечкен.

Балдар милиция жана дарыгерлер тобун чакырып, жаңы төрөлгөн ымыркай №1 төрөт үйүнө жаткырылган. Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Октябрь райондук администрациясынын атынан чет элдик студенттерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Алар:

— Мухаммад Закрия Хан;

— Хамид Али Хан;

— Шафкат Али.

8-ноябрь күнү саат 23:30да милицияга Лев Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен жаңы төрөлгөн бала тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк 21 жаштагы кыз кармалган. Балага президенттин урматына Садыр деген ысым ыйгарылган.

Энеси таштанды челекке таштап кеткен баланын туугандары изделүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>