Шакиев: 1-4-класстарда балдарды кыргыз тилинде окутуу керек (видео)

Шакиев: 1-4-класстарда балдарды кыргыз тилинде окутуу керек (видео)

Кыргызстанда 1-4-класстын окуучуларына билим берүү мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Шакиев коңшу Казакстанда башталгыч класстардын окуучулары бир гана казак тилинде билим аларын айтып, Кыргызстанда да бул практиканы киргизүү керектигин сөз кылды.

«Биз «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамды кабыл алгандан кийин тилге болгон мамиле түп-тамыры менен өзгөрүшү керек. Мурдагы этап-этабы менен (кыргыз тилинде билим берүүнү киргизебиз -ред.) дегенди токтош зарыл. Ошентип жүрүп, 35 жылда мамлекеттик тил өнүккөн жок. Коңшу Казакстанды айталы, 1ден 4-класска чейин сабактарды казак тилинде өтөт. Башка тил жок. Биз дагы ушундай нерселерге барышыбыз абзел. Тил бала бакчадан, башталгыч класстарда калынтанат», — деди ал.

Сөзүн улай ал мамлекеттик кызматкерлердин баары кыргыз тилин билип, кыргыз тилинде сүйлөшү керектигин айтты.

Билим берүү министри Дордуркүл Кендирбаеванын маалыматында, эмки окуу жылына карата мектептин менчик түрүнө жана тилдик окуусуна карабастан 60% кыргыз класстары киргизилет.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга өтүүнү каалаган абитуриенттер мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) тест тапшырууга милдеттендирилди. Бул иш абитуриенттердин мамлекеттик тилди канчалык жакшы билерин аныктоо үчүн жасалат жана анын жыйынтыгы окуу жайга тапшырууга таасирин тийгизбейт.

Аталган маселеге байланыштуу парламентте Билим берүү министрлигинин маалыматы угулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>