Бишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөтКУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кеттиКыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстүТелефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыМанас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон аштыОрусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — Уиткофф
Баңги кылмышына шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды
30.01.2023 | 10:44
Баңги кылмышына шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын ноябрь айында Баткен районунун аймагында М аттуу жаран 2 кг нашаа баңгизатын “жасалма сатып алуучуга” саткан. Бирок, баңгизат саткан жаранды кармап, тергөөгө жеткирүү мүмкүн болгон эмес. Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Баткен облусунун 43 жаштагы К.А. аттуу тургуну болуп чыккан. Биринчи май райондук сотунун токтому менен К.А. издөөгө алынган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн К.А. Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.
Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз