Баңгизат каналын түзүүгө шектелип эки жаран кармалды — видео

Баңгизат каналын түзүүгө шектелип эки жаран кармалды — видео

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Таласта Кыргызстан менен Казакстандын жарандары тарабынан түзүлгөн баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Кылмыш кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-ноябрда Чүй облусундагы «Сосновка» өткөрмө постунан Э.Ш. аттуу Талас облусунун тургуну кармалган.

«Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан болжолдуу түрдө синтетикалык, жалпы салмагы 1 кг 105 граммды (1,105 кг) түзгөн баңгизат табылган. Кылмыш ишинин алкагында бул кылмыштуу топтун активдүү катышуучуларынын бири Э.З. аттуу жаран дагы кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар Талас облусунун милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Азыркы учурда баңгизаттын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>