Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүүнү пландоодо

Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүүнү пландоодо

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулашты.

Комитетте Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жана анын орун басары Гүлнура Жуматаева баяндама жасашты.

Мыйзам долбоор боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык саясаты тармагына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Алардын бири – аялдардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү.

“Бийик тоолуу аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн пенсияга чыгуу курагын 3 жылга эркектер үчүн — 55 жаштан 58 жашка чейин, аялдар үчүн — 50 жаштан 53 жашка чейин жогорулатуу. Ошондой эле, 3 же андан көп бала төрөгөн жана тарбиялаган энелер үчүн — этап менен пенсияга чыгуу курагын — 45 жаштан 48 жашка чейин көтөрүү (2023-жылдан баштап)”,  — деп айтылат маалыматта.

Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоор боюнча 15 жыл эмгек стажы бар 3 баланын энеси 45 жашта эмес, 48 жашта пенсияга чыгышы ыктымал.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 70% аялдар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>