Банк, дүкөн жана тамактануучу жай: Борбордо кимдерге айып салынды?  

Банк, дүкөн жана тамактануучу жай: Борбордо кимдерге айып салынды?  

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тартип бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда.

Мэриянын маалыматына караганда, 13-июль күнү саат 07:00дөн баштап таштандыларды белгиленбеген жайга таштоо фактысы боюнча рейд жүргүзүлүп, муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү.

Эреже бузгандардын тизмеси:

— «Бимед Фарм» ЖЧКсына таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып пул салынды;

— «Аманбанк» ААКсына таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып;

— «Милан Групп компаниялары» ЖЧКсы таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом;

— «Гемени плюс» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабаганы үчүн 13 000 сом;

— «Ассорти Шаурма» ишканасына белгиленбеген жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн 5500 сом;

— Таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн ишкер Э.Коңурбаевага 17000 сом;

— «Мамалак» дүкөнүнө таштандыны белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 5500 сом айып пул салынды .

Объекттин айланасында радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миңге чейинки өлчөмүндө  жана 115-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>