Ош — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөт
Нарындагы көмүр кенин иштетүүгө инвестор изделүүдө
14.07.2023 | 15:59
“Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы Нарындагы көмүр кенин иштетүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөөдө. Бул тууралуу 11-июлда Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин сайтында жарыяланды.
“Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы жер казынасын пайдалануу укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында потенциалдуу инвесторлорду “Турук” көмүр кенин геологиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча кызматташууга чакырат”, — деп айтылат маалыматта.
Арыздар маалымат жарыялангандан тартып 30 күн ичинде кабыл алынат. Ал үчүн Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы, Мырзалымбеков көчөсү, 16 дарегиндеги “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасына кайрылса болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номери: +996 701 888 100
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом