Банк кызматкерин экс-кесиптештери 4 млн сомго алдап кетти. Чоо-жайы

Банк кызматкерин экс-кесиптештери 4 млн сомго алдап кетти. Чоо-жайы

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы алдамчылык жана банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу документти жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата РИИБге Эсептешүү-сактык компания ААКтын өкүлү  — Э.И. аттуу жаран кайрылган, ал 2020-жылдын 10-февраль күнү бейтаныш адам өзүнүн А.К. аттуу жарандын атынан жазалма паспорт алып келип, кардар катары тааныштырып, депозиттик эсептен 350 000 сом алып, эртеси дагы 3 млн 845 миң сом акча каражатын чечтирип алып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Натыйжада бул кылмышка шектүү жалпы 4 млн 195 миң сом өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБдин кылмыштарды бирдиктиүү реестрине катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 18-июнунда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышты жасоого шектүү делип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, төмөнкү адамдар кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар —   1996-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну А.А., Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну О.З. жана 1997-жылы туулган Э.А. Алар мурда банктын филиалдарынын биринде иштеген. Учурда кармалгандардын ушу сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>