Президент Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр дайындады (өмүр баяны)

Президент Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр дайындады (өмүр баяны)

Бектемиров Келсинбек Базаркулович Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тийешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Мэрди президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эмгек жамаатка жана шаар жетекчилерине тааныштырды.

Облус башчысы жаңы мэрди Таш-Көмүр шаарын өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга чакырып, ийгилик каалады.

Келсинбек Бектемиров 1980-жылы Ош облусунун Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 2002-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. Эмгек жолунда 2008-2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенген.

2013-2014-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, жеке компаниялардын аткаруучу директору, 2012-2020-жылдары Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарын Нурлан Доулбеков жетектеп келген. Анын ушул жылдын июнь айында кызматтык мөөнөтү аяктаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>