Барскоондун 13 тургуну үйдөн иштеп, 1 миң долларга чейин маяна таба алат

Барскоондун 13 тургуну үйдөн иштеп, 1 миң долларга чейин маяна таба алат

Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынын 13 тургуну үйдөн иштеп, 1 миң долларга чейин айлык акы таба алат. Бул тууралуу “DigiKonush — санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк компьютердик сабаттуулук күнүндө Барскоон айылында “Аракетке-береке” долбоорунун Битрикс24 CRM-система менен иштөө боюнча окуулардын биринчи агымы ийгиликтүү аяктады.

Эки жума бою 17 кыз-келиндер жана жаштар оффлайн форматында күнүнө 4 сааттан “Чөйрө жаратман борбору” инновациялык борборунда жаңы көндүмдөргө үйрөнүштү.  Натыйжада 13 студент курстарды ийгиликтүү аяктап, тиешелүү сертификаттарын алышты.

“Эми айылдын жашоочулары алыстан иштеп эле, айына 10-15 миң сом таба алышат. Көндүмдөрдү андан ары өнүктүрүүдө бул сумма 80-100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн”, деп билдиришти аталган долбоордон.

Окуулар 3 багыт боюнча жүргүзүлдү. Мисалы, аналитикага жакын студенттер системанын негизги колдонууну жөнгө салуусун өздөштүрүштү. Мында коддорду жазууну билүү талап кылынбайт. Баарлашуу шыгы өнүккөн курстун катышуучулары телефон жана чаттарда иштей турган сатуу менеджери позициясында өздөрүн сынап көрүштү.

Окутуу программасына ылайык тренингдин катышуучулары:

— CRM-система эмне экенин жана компаниялар аны эмнеге колдонгонун билишти;

— AraketkeBereke.Bitrix24.ru порталында катталышып, Битрикс24 мобилдүү тиркемени жүктөп алышты жана сатуулардын негизги бөлүмдөрү, этаптары, ошондой эле, келишимдер менен иштөөнү үйрөнүштү;

— Сатуулар боюнча менеджерлер катары ЧКАны (чечим кабыл алуучу адамды) аныктоого, кардарлардын ар кандай түрлөрүн  айырмалоого жана керектөөнүн аныктоо жолдорун, товардын презентациясын, каршы пикир менен иштеп, келишимдерди жабууну үйрөнүштү.

Сатуулар бөлүмүнүн сапатты көзөмөлдөө боюнча менеджерлер катары СРМде келишимдердин карточкаларын толтурууну, чалууларды угуп чыгууну жана менеджерлер боюнча ай сайынкы отчетторду толтурууну, ошондой эле, СКБнын кызматкерлеринин компаниянын башка кызматкерлери менен баарлашуу этикасын үйрөнүштү.

«Акыркы жылдар, өзгөчө пандемия мезгили, өлкөнүн айрым бөлүгү үйдөн чыкпастан иштеп, көптөгөн маселелерди чече аларын көрсөттү. Балалуу аялдар, жаштар жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер – булар элет жергелеринде квалификациялуу жана айлыгы жакшы жумушту табууда кыйынчылык тарткан калктын тобу. Ошол эле кезде азыр бизнес CRM-системалар менен алыстан иштөөгө жөндөмдөрү бар адистерге муктаж экени белгилүү», — деп билдиришти долбоордон.

“Бабушка Эдопшн” коомдук фондунан “Аракетке-береке” долбоору башка 12 долбоорлор менен катар сынактын негизинде 60 стартап-идеялар жана санарип демилгелер ичинен ушул жылы сентябрда тандалып алынган. Бул сынак “Лидер” жарандык демилгелер борбору тарабынан, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “DigiKonush — санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында өткөн.

“Аракетке-береке” долбоорунун идеясы быйыл июлда Швейцариянын Люцерн шаарында өткөн мекендештердин “Чөйрө-2022” форумунда жаралган. Иш-чарага катышкан DigiKonush долбоорунун координатору Банур Абдиева, санариптештирүү тармагында прогрессивдүү кыргызстандыктарды элет жергелерине көбүрөөк көңүл бурууга чакырган болчу. Натыйжада “Бабушка Эдопшн” ККФнын жетекчиси Айдай Кадырова айыл жашоочуларынын санарип сабаттуулугун жана жаңы жумушчу орундарды түзүүнү колдоо максатында “Аракетке-береке” долбоорун демилгеледи.

Маалымат үчүн: Битрикс24 CRM-системасы учурда Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда жана дүйнөнүн дагы башка 15 өлкөлөрүндө активдүү колдонулат. Битрикс24 системасын пайдаланган компанияларда көп учурда порталды жөнгө салуучу менеджерлер, сатуу боюнча менеджерлер жана сатуу бөлүмүндө сапатты көзөмөлдөөчү менеджерлер талап кылынат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>