Дүйнө кубогу: Кыргызстандык балбандар коло байгеге татыды

Дүйнө кубогу: Кыргызстандык балбандар коло байгеге татыды

АКШда өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык балбандар курамына кирген Дүйнө курамасы мелдештин коло байгесине татыды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогу – United World Wrestling уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү командалык мелдеш.

Дүйнө курамасынын катарына Кыргызстандан Тайырбек Жумашбек уулу (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Арсалан Будажаповдор (79 кг) кирген.

Кыргызстандык балбандардын командасы тайпасындагы бир жеңиш жана бир жеңилүү менен коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Үчүнчү орун үчүн беттеште Дүйнө курамасы Грузиянын балбандарын 10:2 эсебинде жеңип алышты.

Бул командалык беттеште кыргызстандык балбандардын экөө жеңишке жетсе, бирөө жеңилүү ызасын тарткан. Тайырбек Жумашбек уулу Бека Ломтадзени , Эрназар Акматалиев Георгий Элбакидзени утса, Арсалан Будажапов Владимир Гамкрелидзеге жеңилген.

Бул мелдеште АКШнын курамасы Дүйнө кубогунун ээси болду, ал эми ирандык балбандар экинчи орунга татыды.

Эскерте кетсек, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Дүйнө курамасынын катарында аталган мелдешке катышкан. Бирок анын командасы тайпалык баскычтан чыга албай калган.

Мелдеш 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Коралвилл шаарында өттү. Ага Дүйнө биринчилигинде жалпы эсепте алдыңкы беш орунду ээлеген командалар, андан тышкары, алтынчы болуп ар кайсы өлкөнүн балбандарынан түзүлгөн дүйнөлүк команда катышты.

Дүйнө кубогу: Кыргызстандык балбандар коло үчүн күрөшөт — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>