Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Башкы прокурор канча айлык алаарын айтты
20.04.2021 | 10:58
Прокуратуранын кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү зарыл. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтуусуна караганда айлык маяналарды көтөрүү коррупцияга каршы күрөштө негизги кадамдардын бири.
“Айлыктар аз, ачык айтып кетсем башкы прокурордун оклады надбавкалар кошулбаганда 28 миң сом, орун басарлардыкы 23-25 миң сом. Облус прокурорлору 20 миң сом, райондордун прокурорлору 17,5 миң сом, орун басарлары 16,5 миң сом, жөнөкөй оператиниктер, жардамчылардыкы 12,5 миң сом эле. Коррупция менен күрөшөбүз десек, прокуратура таза иштесин десек, айлыктарга көңүл буруп көтөрүшүбүз керек”, – деди Зулушев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом