Башкы прокурор менен ички иштер министри аймактарды кыдырат

Башкы прокурор менен ички иштер министри аймактарды кыдырат

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбековду аймактарга чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапар менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт.

“Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт. Дал ошол себептен мамлекет башчыбыз Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду”, — деди ал.

Эл менен жолугушуу графиги: Алгач, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат. Жергиликтүү калк аталган органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроо талабы болсо ошол жерден жетекчилигине кайрыла алышат. Ошондой эле, адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандардын жакындары да чогулушка келип, маселелерин жеринде жеткире алышат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аймак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>