Бишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтотот
86 жаштагы америкалык стюардесса рекорддор китебине кирди
05.07.2022 | 10:59
Авиацияда 65 жыл иштеген Бостондун тургуну Гиннесстин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң узак иштеген стюардесса деп табылды.
86 жаштагы Бетт Нэш 1957-жылы Eastern Airlines авиакомпаниясында стюардесса болуп иштей баштаган жана ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз эмгектенип келет.
Нэш карьерасынын көп бөлүгүн Нью-Йорк-Бостон-Вашингтон каттамында иштегенин айтат, анткени бул ага майып уулун багуу үчүн түнү үйүнө кайтып келүүгө мүмкүндүк берет.
Гиннестин рекорддор китебине ылайык, Нэш ошондой эле дүйнөдөгү эң кары стюардесса болуп саналат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар