Батир алып берем деп 30 миң $ алып, качып кеткен жаран кармалды  

Батир алып берем деп 30 миң $ алып, качып кеткен жаран кармалды  

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-ноябрда милицияга аял арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 2021-жылдын 20-майында “А” аттуу жатран элиталык имараттан 1 бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап, андан 30 миң АКШ долларын алган. Убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1998-жылы туулган Т.А. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0509 100 188, 0500 030 200, 0557 045 102 же 102 телефондоруна чалып коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>