Конституциялык сот УКМКнын айыптоосуна жооп берди

Конституциялык сот УКМКнын айыптоосуна жооп берди

Конституциялык сот төрага Эмил Өскөнбаевдин чет өлкөгө иш сапарга келген чакырууларга кызматкерлерин эмес, өзүнүн туугандарын жөнөтүп турганы боюнча УКМКнын айыптоосуна жооп берди.

“Чет элдик иш-чаралардын уюштуруучулары катышуучулар кааласа, үй-бүлө мүчөлөрү менен келе алышат деп, алар үчүн өз өлкөсү тууралуу өзүнчө маданий-агартуу программасын уюштурушат. Бул учурда, албетте, үй-бүлө мүчөлөрүнүн чыгымдары катышуучулардын жеке каражаттарынан гана жабылат. Келген чакыруу каттарын жашырууга болбойт, анткени алар электрондук документ жүгүртүү системасында жалпы бөлүм тарабынан катталат”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Конституциялык сот териштирүү аягына чыгып, мындай фактылардын чындыгы аныкталмайынча алдын ала баа берүүдөн жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуу керек деп эсептейт.

Буга чейин УКМК Конституциялык сот жана башка кызматтагы судьялардын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, жакын туугандарын чет өлкөгө чыгаруу максатында пайдаланышканын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>