Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Батир, iPhone, ноутбук. 25-30-декабрда Салык кызматынын лотереясы ойнотулат
22.12.2023 | 13:25
Мамлекеттик салык кызматы 25-30-декабрь күндөрү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт.
25-29-декабрда 521 iPhone 14 телефону, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.
Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.
“Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.
Учурда салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом