Чүйдүн соту активист Адилет Балтабайды абакка кести

Чүйдүн соту активист Адилет Балтабайды абакка кести

Чүйдүн соту Сокулук райондук соттун жарандык активист Адилет Балтабайды абакка кесүү тууралуу токтомун күчүндө калтырды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин Адилет Балтабай «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда 3 жылдык пробация мөөнөтү менен абактагы жазадан бошотулган. Ал Сокулук райондук пробация органына барып, катталып турууга милдеттендирилген.

Бирок аталган орган активист пробация эрежелерин бузду деп Сокулук райондук сотко кайрылып, Адилет Балтабайды кайра абакка камоону суранган. 10-ноябрда райондук сот активисттин пробациясын жокко чыгарып, абакка кескен. Адилет Балтабайдын жактоочулары Чүйдүн сотуна апелляция менен кайрылган.

Маалым болгондой, бүгүн, 22-декабрда облустук сот биринчи инстанциянын токтомун күчүндө калтырды. Тактап айтканда Адилет Балтабай абакта отура турган болду.

Активисттин туугандары Reporter.kg’ге билдиргендей, бүгүнкү соттук отурумда Адилет Балтабай сотко кайрылып, кылмышкер эмес экенин айтып, бошотууну суранганы менен сот аны абакка камоо туура чечим чыгарды. Алар бул чечимди адилетсиз деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Бишкектин милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

11-ноябрда Бишкектин Биринчи райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан. 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, активистти 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Быйыл октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын операциясы учурунда каза болгондон кийин Адилет Балтабай «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфир уюштурган. Бул түз эфирден кийин активист УКМКда суракта да болуп чыккан.

Андан соң пробация органы Сокулук райондук сотуна кайрылып, Адилет Балтабай пробация эрежелерин бузганын билдирип, аны камакка алууну өтүнгөн. 10-ноябрда Сокулук райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

Активист кайра камакка алгыдай мыйзам бузбаганын билдирип, камоо аракетин айткан сын пикири үчүн куугунтук катары баалап келет.

11-декабрда Адилет Балтабай укугу тебеленип жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

15-декбарда активист кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынган. Адилет Балтабай камакка алынгандан кийин анын ата-энеси президент менен УКМКнын төрагасына кайрылып, уулунун ишин калыс каралышын суранган.

«Калыстык издеп жатабыз». Адилет Балтабайдын апасы бийликке кайрылуу жасады (видео)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>