Бишкектиктер августтун аягында төрт күн катары менен эс алышатНовопокровкада 289 млн сомго 100 орундуу облустук төрөт үйү даярдалуудаКемин шаарында имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү дизайн-кодго келтирилетКыргызстандыктарды жолдордун жабылышына байланыштуу сабырдуулукка чакырыштыБаткенде дарыяга агып кеткен жаран жети күндөн бери изделип жататЭнергетика министрлиги: Токтогул ГЭСиндеги мүчүлүштүк Казакстандагы жарыктын өчүшүнө себеп болгон эмес
Батир, iPhone, ноутбук. 25-30-декабрда Салык кызматынын лотереясы ойнотулат
22.12.2023 | 13:25
Мамлекеттик салык кызматы 25-30-декабрь күндөрү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт.
25-29-декабрда 521 iPhone 14 телефону, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.
Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.
“Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.
Учурда салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом