Баткен: 2 окуучунун карамалышынын себеби такталды

Баткен: 2 окуучунун карамалышынын себеби такталды

Баткен облусунда Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен 16 жаштагы окуучу балдар унаага айыл-чарба продукциясын кайра жүктөөнү көздөшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда аталган облустун басма сөз катчысы Reporter.kg ′ге  билдирди.

Алдын-ала маалыматтар боюнча алар айыл чарба продукциясын (жүзүм) алып, Тажикстандын авто унаасынан Кыргызстандын Mercedes-Benz sprinter маркасындагы унаасына жүктөөгө аракет жасашкан.

«Болжол менен кечээ, саат 23:00 чамасында Тажикстандын Согди облусунун Б.Расулов районунун Хистеварс айылындагы чек ара аймагындагы иштебей турган Петрогаз май куюучу жайынын маңдайынан Лейлек районунун Жаштык айылында Тажикстан өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан эки окуучуну кармашкан. Тактап айтканда, Жаштык айылында 11-класста окуган Шерзат Юзбаев жана Нейматов Элибай кармалган»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алардын ата-энелери Орусияда эмгектенишери маалым болду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>