БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Баткен: 4 тоннадай мыйзамсыз жүк аныкталды
01.09.2021 | 16:30
УКМКнын басма-сөз кызматынын маалыматында, 31-август күнү Баткен облусунун Ганжак аймагынан чек ара кызматкер “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү эки унааны кармаган. Унааларды текшерүү учурунда 3,6 тоннадан ашык мыйзамсыз жүзүм табылган.
Андан тышкары 1-сентябрда Баткен облусунун Дахан аймагында чек арачылар Hyundai-Porter унаасын жана КРнын үч жаранын кармашкан. Унааны текшерүү учурунда 660 миң сомдук контрабандалык курулуш материалдары табылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана товарлар кошумча иликтөө үчүн орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.