Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Баткен: Ак-Сай айылы жакта тажиктер курулуш иштерин токтотту
03.11.2021 | 12:06
31-октябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский участогундагы аймакка тажик жарандары тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Бул туурасында Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, аталган факт боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен «Көк-Таш» чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын да сүйлөшүүсү орун алып курулуш иштери толугу менен токтотулган.
Учурда аталган аймакта абал стабилдүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат