Нур-Султан-Бишкек аба каттамы кайрадан жанданат

Нур-Султан-Бишкек аба каттамы кайрадан жанданат

Казакстан Нур-Султан-Бишкек аба каттамын калыбына келтирди. Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда аба байланышын түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Коронавирус инфекциясынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Нур-Султан-Бишкек багыты боюнча Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси көтөрүлдү.

Нур-Султан – Бишкек каттамын E190-E2/A-320 учактары менен Казакстандын “Эйр Астана” авиакомпаниясы аткарат. Ошондой эле каттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен жана авиакомпаниянын сайттарында жарыяланган графикке ылайык аткарылары белгиленген.

Азыр Алматы-Бишкек жана Алматы-Ош аба каттамдары иштейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>