Ереванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылды
Баткен бажычылары күрүчтү мыйзамсыз ташыгандарды кармады
19.01.2023 | 13:58
Баткен бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери күрүчтү мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Раззаков — Баткен — Ош унаа жолунда кыргыз жараны Н.У.Д. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда “Mercedes-Benz 518” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унааны текшерүүдө салмагы 24 килограммдан 120 кап күрүч табылган. Айдоочуда жүккө таандык бажылык тариздөөнү тастыктаган бир дагы документ болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 2880 кг түзөт.
Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча чогултулган материалдар Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Бажылык териштирүү секторунда каралууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом