Электр энергиясына тарифти көтөрүү зарылчылыгы бар, — министр (видео)

Электр энергиясына тарифти көтөрүү зарылчылыгы бар, — министр (видео)

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүүнүн зарылчылыгы бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев депутат Медер Алиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат «электр энергиясынын баасын көтөрүү зарылчылыгы барбы?» деген суроо узатып, оң жооп алды. Анын пикиринде көпчүлүк учурларда саясатчылар элге жакпаган пикирлерди ачык айткылары келбейт.

“Мен дагы силерге кошулам, мен айткан сөз элге жакпар чыгар, бирок электр энергияга болгон бааны көтөрүү керек. Союз убагынан бери иштеп жаткан аппаратуранын эскилиги жетти. Анын пайдалануу мөөнөтү бүттү. Каалайбызбы же каалабайбызбы тарифтерди көтөрүү керек. Эртеби кечки биз ошого келебиз. Салыштырмалуу Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эң төмөн”, — деди Медер Алиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>