Евробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө
Баткен: Чек арада жабыркагандардын саны 134 адамга жетти
18.09.2022 | 12:39
Бүгүн, 18-сентябрь саат 11:00гө карата алынган маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 134 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыктык сактоо министрлигинин өкүлү маалымат жыйында билдирди.
Маалым болгондой, жабыркагандардын айрымдары Бишкекке которулду.
Баткен облусуна башка аймактардан дарыгерлер бригадалары келишти – учурда 89 дарыгер иштеп жатат. Бишкектен 37 дарыгер Исфана шаарына учуп кетти, алар Лейлек районунда иштешет. Баткен облусунда Кызыл-Кыя жана Ош шаарларынан келген дарыгерлер бригадалары иштеп жатат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышууда набыт болгондордун саны 36га жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом