Баткен облусунда браконьер мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн 62 миң сом айыпка жыгылды

Кадамжай районунда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери түнкү рейддин жүрүшүндө жапайы каманды мыйзамсыз атып алган жергиликтүү тургун С.К.ны кармашты. Кармалган адамдын жанында аңчылык кылууга эч кандай уруксат берүүчү документтери болгон эмес.
Укук бузуу фактысы боюнча бузуучуга 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, жаратылышка келтирилген зыян үчүн ага 50 000 сом суммасында доо коюлду. Браконьердин мамлекетке төлөөгө тийиш болгон жалпы суммасы 62 500 сомду түздү.
Министрлик жапайы жаныбарлар мамлекеттин коргоосунда экенин эскертет. Мыйзамсыз аңчылык олуттуу каржылык санкцияларга алып келет, ал эми мекеменин үзгүлтүксүз өткөрүлүп туруучу рейддери мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюуга жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган.