Кыргызстан боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясы башталды

06.07.2026 | 12:01
Кыргызстан боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясы башталды — Новости Кыргызстана

Бүгүн Кыргызстан боюнча Юристтер күнүнө карата уюштурулган акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясы башталды. Акциянын алкагында өлкө жарандары юристтерден жана адвокаттардан гана эмес, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн да акысыз кеңеш ала алышат.

Бул тууралуу түз эфирде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Бишкек, Чүй жана Талас аймактар аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы Рахат Карасартова билдирди.

Анын айтымында, акцияга ар кандай мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, анын ичинде Социалдык фонддун адистери, ошондой эле калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн башка мекемелер да катышууда. Жарандар пенсиялык камсыздоо, социалдык төлөмдөр, документтерди тариздөө, мүлктү каттоо, үй-бүлөлүк, эмгек, турак жай жана башка укуктук маселелер боюнча кеңеш ала алышат.

Акциянын негизги максаты — калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандардын акысыз юридикалык жана укуктук жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Уюштуруучулар кыргызстандыктарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өздөрүн кызыктырган суроолор боюнча адистерден түздөн-түз кеңеш алууга чакырышат.

Scroll to Top