Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Садыр Жапаровдун жээнине унаасын туура эмес токтоткону үчүн айып пул салынды
27.03.2022 | 16:39
Бишкек ШИИБнин кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун жээни Лазат Нуркожоевага унааларды туура эмес токтотуп, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Айтикул уулу Байказы билдирди.
“КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-пунктуна ылайык, унааны туура эмес токтотуп, жол эрежесин бузган айдоочуга 1000 сом айып салынган. Ошол эле учурда айдоочу сылык мамиле жасап, патрулчуларга ыраазычылык билдирди. ” деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом