Баткен: Ок атуучу куралдан жоокер каза болду

Баткен: Ок атуучу куралдан жоокер каза болду

Баткенде ок атуучу куралга этиятсыз мамиле жасагандыктан жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кулунду айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте Лейлек районундагы Сада айылындагы чек арага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган.

Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин катардагы жоокери, 2002-жылы туулган Н.у.Т. кокусунан бет маңдайда турган шериги, Ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган.

Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы, ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ички аскерлердин жоокери АКСУ ок атуучу куралын колдонууда коопсуздук талаптарын сактаган эмес. Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>